ИНДИКАТОР ӨСҮМДҮКТӨР
ИНДИКА́ТОР ӨСҮМДҮКТӨР – чөйрөнүн тигил же бул шартына мүнөздүү болгон өсүмдүктөр же алардын топтору. Белгилүү бир экологиялык шарт м-н тыгыз байланышта болуп, жаратылыш байлыгынын ордун, алардын көлөмүн, курамын, ар кандай кен байлыктарды, чөлдө тузсуз суу булагын табууда ж-а айбанат шарттарын таанууда көрсөткүч болгон өсүмдүктөр. Буларга айрым түрлөр ж-а алардын табигый таасирден аномалиялык өзгөрүлгөн формалары кирет. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү кыртыштын геохимиялык курамын так көрсөтүп, алар топуракта ж-а тоо тектеринде металл көп болгон жерде гана өсөт. Мисалы, астрагалдын айрым түрлөрү – селендин, ала гүлдүн кээ бир түрлөрү – цинктин, бетегенин түрлөрү – коргошундун, чайыр гүлдөрдүн түрлөрү жездин ж-а кобальттын бар экендигин аныктайт. Эңилчектер ж-а кээ бир ийне жалбырактуу өсүмдүктөр чөйрөдөгү абанын тазалыгын көрсөтүүчү индикаторлор. Индикатор өсүмдүктөр топурактын механикалык курамын ж-а туздуулугун, чөлдө жер астындагы тузсуз ж-а минералдуу сууну, айрым кен байлыктарды ж-а тоо тектерди издөө ж-а картага түшүрүү иштеринде, эл чарбасынын түрдүү тармактарында кеңири пайдаланылат. Алардын жардамы м-н геологиялык ж-а көрсөткүч карталар түзүлөт.
К. Т. Шалпыков.