ИНДЕТЕРМИНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДЕТЕРМИНИ́ЗМ (лат. in – тангыч мааниде­ги бөлүкчө ж-а детерминизм) – жаратылыш ж-а коомдук көрүнүштөрдөгү себептүү байланыш­тардын объективдүүлүгүн (же илимдеги себеп­тик түшүндүрүүлөрдү) танган философиялык окуу. Эрк­ти өз алдынча автономиялык күч катары эсеп­теп, анын абстракттуу эрксиздигин үгүттөйт. Индетерминизмге карама-каршы өнүккөн концепция детер­минизм деп аталат.