ИНДЕЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНДЕЙЛЕР – этностук топ, Американын (эс­кимостор м-н алеуттардан башка) жергиликтүү калкы. Индейлер деген аталыш 15-кылымдын аягында Американы ачуучулардын (Х. Колумб ж. б.) жаңы табыл­ган материкти Индия, анын элин индейлер деген туу­ра эмес түшүнгөндөрүнө байланыштуу келип чыккан. Индейлердин жалпы саны болжол м-н 32–45 млн киши, анын ичинде АКШда 2 млн, Канадада 385 миң, Мексикада 8–15 млн, Гватемалада 5 млн, Парагвайда 4,5 млн, Эквадордо 3,7 млн, Перуда 7 млн, Боливияда 3,6 млн, Чилиде 0,8 млн ж-а Бразилияда 230 миң (2005). Индейлер АКШ ж-а Кана­дада англис ж-а француз, Түштүк Америкада ис­пан ж-а португал тилинде сүйлөшөт. Индейлер европа­лыктар келгенге чейин шаманизм, тотемизм ди­нин тутушса, кийин көпчүлүгү христиан (като­лик, протестант) динин кабыл алышкан. Индейлер соң­ку палеолит доорунда (болжол м-н мындан 15–10 миң жыл мурда) Беринг кысыгы аркылуу Америкага келишкен түндүк-чыгыш азиялыктар­дын тукумдары. Индейлер аңчылык, жыйноочулук, балыкчылык, айрым аймактарда дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишип, жер төлөдө, үстү тери м-н жабылган конус сымал алачыкта ж-а үйлөрдө жашашкан. Алар бугу, багыш, бизон терисинен жасалган кийим ки­йишип, кооздуктарды тагынышкан. Айрымда­ры белинен ылдый жамынгычтарды колдонуш­кан. Уруу башчысы башына бүркүт канатынан жасалган баш кийим кийип, айбан сөөгү, тиши

Түндүк америкалык индейлердин уруу башчысы.

ж. б-дан жасалган кооздуктарды пайдаланып, денесине ж-а бетине сүрөт тарттырган. Тамак­ ашы негизинен эт (этти кургатып майдалап, май м-н аралаштырат), балык, жёлудь уну ж-а жер­ жемиштер. Индейлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон са­лымдары чоң. Алар эң жакшы архитектуралык эс­теликтерди (мисалы, майялардын Тикаль, Копан, Чичен-Ице, Ушмал сыяктуу жүздөгөн шаар-мам­лекеттери, храмдар ж. б.), көркөм искусство ж-а элдик чыгармаларды жараткан. Дүйнө элдери индейлерден картөшкө, күн карама, какао, пахта, та­меки өстүрүүнү үйрөнүшкөн. Европалык колониялаш­тыруу индейлердин табигый өнүгүү жолдорун үзгүлтүк­кө учураткан. Түндүк Америкада индейлердин көбү ко­лонизаторлор тарабынан атылып, калгандары АКШ ж-а Канадага резервацияларга айдалган. АКШда индейлердин көпчүлүгү америкалыктар м-н ассими­ляцияланып, шаарларда ж-а айылдарда жу­мушчу ж-а дыйкандардын катарын толуктаган. Түштүк Америкада индейлердин көпчүлүгү кырылган, калгандары өздөрүнүн маданий-салттык үрп-­адатын сактап калган ж-а өз укуктары үчүн тал­бай күрөшүп келген. 20-кылымдын ортосунан индейлер эт­ностук ж-а саясий өз алдынчалыкка ээ болуп, эне тили ж-а маданияты өнүгө баштаган. Учурда Латын Америкасында кечуя, аймара, ацтек, ки­че, какчикели, Юкатан майялары, маме, арау­кан, гуахиро, Түндүк Америкада түндүк атапаскалар, навахо, ирокез, чирок, оджибве ж. б. индей эл­дери жашашат. Резервация аймактарында шаар-

Гуамбиано индей аялдары. Колумбия.


лар пайда болуп, АКШ ж-а Канадада билим бор­борлору, коллеждер, улуттук конгресс, улут­тук совет, улуттук бир туугандык ж. б; ал эми Түштүк Америкада индей элдеринин бүткүл дүй­нөлүк совети ж. б. көптөгөн эл аралык уюмда­ры түзүлгөн.


Ш. Керимова.