ИНВЕРСИЯ (геометрияда)
ИНВЕ́РСИЯ – 1) г е о м е т р и я д а – ОА′ ⋅ ОА= = k барабардыгы аткарылгандай, тегиздиктин ар бир А чекитин (ОА) шоо-

ласында жаткан А′ чекитине которгон өзгөртүү.
Мында k – туруктуу чыныгы сан. О чекити – инверсиянын борбору же уюлу, k – даражасы же коэффициенти деп аталат. Эгер k = a2 болсо, анда O борборлуу ж-а а радиустуу айлананын s чекиттери инверсия учурунда өзүнө өзү өтөт. Кээде оң даражалуу инверсия гиперболалык инверсия, ал эми терс даражалуусу эллипстик инверсия же антиинверсия деп аталат. Декарт тик бурчтуу координатасында инверсия x′ = kx
, x2 + y2 y′ = ky x2 + y2
формуласы м-н же комплекстик өзгөртмөлүү тегиздикте z = k/z формуласы м-н берилет. Инверсия комплекстик өзгөрмөлүү функциялар теориясында, геометрияда ж. б. колдонулат. 2) К о м б и н а т о р и к а инверсиясы – эки элементтин жанаша турарына же алар башка элементтер м-н бири биринен ажырашына карабастан, орун алмаштырууда алардын кадыресе тартибинин бузулушу. Мисалы, элементтердин нормалдуу жайгашышы abc болсо, анда аны bca деп өзгөртүүдө b ж-а а, с ж-a a элементтери инверсияны түзөт.