ИМПЕРАТИВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПЕРАТИ́В (лат. imperātivus – буйруу) – 1) та­лап, буйрук, мыйзам; 2) Императив Канттын окуусунда («Практикалык акыл-эсти сындоо» аттуу эмге­ги) жеке принциптин карама-каршысы болгон жалпыга тиешелүү адеп-ахлактык жобо. Гипо­тетикалык императив – белгилүү бир шарттарда гана аракет кылат, кескин (категоричный) императив – жүрүм-турумдун ар дайымкы, милдеттүү прин­циби; 3) этиштин буйрук ыңгайы (мис., Жак­шы оку!).