ИМАНОВ Акеш
ИМАНОВ Акеш (27. 8. 1931 – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) – педагог, тилчи. Филология илимдеринин доктору (1994), профессор (1992), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1995). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1952). Тажик ССРинин Мургаб районунда мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор (1952–54), Жети-Өгүз районундагы «Жон-Булак», «Аң-Өстөн» ж. б. мектептерде мугалим, мектеп директору (1954–58), кийин КУУнун кыргыз тили кафедрасында окутуучу (1962–67), ага окутуучу (1967–68), доцент (1968–92), Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору, кафедра башчысы, декан (1994) болгон. Ал кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшүнө арналган 220дан ашык илимий, кыргыз санжырасы жөнүндөгү макалалардын, окуу китептердин автору.
Эмг.: Кыргыз тилинин эки составдуу жөнөкөй сүйлөмдөрүндөгү сөздөрдүн орун тартиби. Ф., 1976; Кыргыз тили (сырттан окуган студенттер үчүн окуу китеби). Ф., 1990; Кыргыз тилинин синтаксиси. Б., 2009.