ИМАНДРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́МАНДРА – Мурма облусундагы көл, Кола жарым аралынын түштүк-батышында. Аянты 812 км2. Тереңдиги 67 мге чейин. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен ж-а тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Батыш жээги булуң-буйткалуу. 140тан ашык арал бар. 3 бөлүктөн турат (түндүгү – Чоң Имандра, ортоңкусу Иокострава Имандрасы, батышы – Бабин Имандрасы). Көлгө 20дан ашык суу куюп, Нива дарыясы агып чыгат. Де­кабрда тоңуп, майда муздан арылат. Суусу өтө тунук (11 мге чейин). Балык кармалат. 1936-жылы Нива дарыясында Нива ГЭСи курулгандыгына байла­ныштуу Имандра суу сактагычка айланган. Түндүк-батыш жээгинде Мончегорск шаары жайгашкан.