ИМАНБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНБАЕВ Сулайман (18. 2. 1932-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы) – коом­дук ишмер. КРдин эмгек сиңирген врачы, 1-класста­гы мамлекеттик кеңешчи, медицина илимдеринин кандида­ты (1970). 1955-жылы КММИни бүткөн.

1960–75-жылдарда Фрунзе шаараткомунун төрагасы­нын орун басары, саламат­тык сактоо бөлүмүнүн баш­чысы, 1975–82-жылдарда Кыргыз ССР саламаттык сактоо мини­стринин орун басары, 1982– 96-жылдарда Кыргыз онкология ж-а радиология ИИИнин директору, Кыргыз кардио­логия ИИИнин директору­нун орун басары, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкы башкармалыгынын башчысы, КРдин шайлоо ж-а референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (1996–2005) бо­луп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин де­путаты (1990–95). КММАнын (1999), УОБдун (2002) ардактуу профессору, 1-даражадагы Манас, «Ар­дак Белгиси» ордендери, «Даңк», башка 9 ме­даль м-н сыйланган.