ИМАНАЛИЕВ Киреше

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВ Киреше (6. 11. 1927, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Коңур-Өлөң айылы – 3. 6. 1998, Бишкек) – педагог, окумуштуу-методист; кыр­гыз адабиятын окутуу методикасын негиздөөчүлөр­дүн бири, педагогика илимдеринин доктору, профессор (1974), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тил ж-а адабият факультетин (1950), ММУнун аспирантурасын (1953) бүтүргөн. КМУда улук окутуучу (1953), кыргыз адабияты ка­федрасынын башчысы (1954–61), кафедранын доценти, профессор (1961–74), 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин кыргыз тилин ж-а адабиятын оку­туу методикасы кафедрасынын башчысы бол­гон. Орто мектеп, педагогикалык атайын орто окуу жай­лар ж-а ЖОЖдор үчүн кыргыз адабиятын оку­туунун методикасынын, кыргыз адабияты боюнча окуу программаларынын, ошондой эле 9–10-класстар үчүн «Кыргыз совет адабияты» окуу китебинин, орто мектепте кыргыз адабиятын окутуунун көп кырдуу маселелери боюнча 300гө жакын илимий-методикалык эмгектин автору. Эл агартуунун отличниги (1977). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Кыргыз мектептеринде адабиятты окутуу жолдору: 9–10-кл. үчүн. Ф., 1966; Орто мектептерде кыргыз адабиятын окутуу методикасынын негизги маселелери. Ф., 1973; Кыргыз адабиятын окутуу методикасы. Ф., 1976; Кыргыз адабиятын окутуу методикасынын орчундуу маселелери. Ф., 1984.