ИМАНАЛИЕВ Мурзабек
ИМАНАЛИЕВ Мурзабек (13. 9. 1931-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кайыңды айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1965), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1979; корреспондент-мүчөсү, 1969), СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1981), профессор (1965), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1981). КМУну бүтүргө н (1953). КМУда улук окуутуучу (1956–60), ФПИде доцент (1960–62), проректор (1962– 64). КМУда кафедра башчысы (1964–66), Кыргыз ССР ИА ФМИнин директору (1966–76), КМУнун ректору (1976–79), Кыргыз ССР ИАнын президенти (1979–86), 1984-жылдары Кыргыз ССР ИА МИнин директору. Негизги эмгектери интегралдык-дифференциалдык теңдемелер теориясына арналган.

Жогорку тартиптеги туундусунун коэффициенти кичине параметр болгон интегралдык-дифференциалдык теңдемелердин ар түрдүү класстары үчүн Коши маселесин ж-а чектик маселелерди чыга-
руунун, мезгилдүү, дээрлик мезгилдүү ж-а чектелген чыгарылыштарды табуунун ж-а чыгарылыштарды асимптоталык катарларга ажыратуунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Мындай чыгарылыштардын калдык мүчөлөрүн асимптоталык баалоонун натыйжалуу ыкмаларын тапкан. Маселелерди чыгарууга ж-а интегралдык теңдемелердин чыгарылыштарын табууга салым кошкон. Чектүү аралыктагы жалпыланган функциялардын теориясын түзгөн. Кыргызстандагы техникалык- экономикалык маселелерди, механиканын ж-а башкарылуучу системалардын атайын маселелерин да изилдеген. 230га жакын илимий эмгеги, анын ичинде 6 монографиясы, 7 ойлоп табуусу жарык көргөн. Иманалиев – СССР математиктеринин улуттук комитетинин ж-а эл аралык математикалык союздун мүчөсү, СССР Жогорку Советинин депутаты (1979–89). Эмгек Кызыл Туу, III ж-а I даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Асимптотические методы в теории сингулярно-возмущённых интегро-дифференциальных систем. Ф., 1972; Колебания и устойчивость решений сингулярно-возмущённых интегро-дифференциальных систем. Ф., 1974; Методы решения нелинейных обратных задач и их приложения. Ф., 1977; Обобщённые решения интегральных уравнений первого рода. Ф., 1981.