ИМАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАМ (ар. астында туруу, жетектөө, жол баш­чылык кылуу) – 1) мусулмандардын диний же­текчиси, насыятчысы; 2) мусулман жамааты­нын башчысы, мусулман теократиялык (дин­чил) мамлекетинин башкаруучусу; халиф; 3) сун­низмде шариат ж-а адат маселелеринин негиз салуучулары; 4) 7–9-кылымдарда шииттер жамаатынын жогорку башчысы; 5) мечит башчысы. Учурда имам термини шииттерде да, сунниттерде да дин жол башчысы катары колдонулуп келет.