ИМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМА́Й (лат. Imaus) – тарыхый топоним. Б. з. ч. 4–3-кылымдардан орто кылымдын аягына чейин­ки Батыш Европа илиминде кабыл алынган эбе­гейсиз зор тоо тутуму. Ал боюнча Имай 35° түндүк кең­дик боюнча бүт Азия материгин экиге бөлүп тур­ган. 145° узундуктан (Индиянын тушунан) Имайдан туура төтө түндүк уюлду көздөй дагы бир залкар кырка тоо созулган. Бул меридиандык Имай, Орто Азиянын аймагын жарып өтүп, бир нече тармакка бөлүнгөн. Андан тараган Комед тоо­лору Памирге, Аскатанк тоосу Фергана ж-а Кара- Тоо тизмектерине, Авзакия (Ауксакия) Теңир- Тоого туура келет деп эсептелген. Меридиандык Имайдын эки тарабын скиф уруулары, түштүк-баты­шын сактар мекендеген. «Улуу кардуу тоо кыр­касы» жөнүндөгү түшүнүк атайын саякат, изил­дөөлөрдөн эмес, көбүнчө сурамжылоо, болжол­доо жолу м-н пайда болгон. 17–18-кылымдарда, өзгөчө 19- кылымдын башында бул көз караштын негизсиз эке­ни ачык көрүнүп, аны ошондой эле жаңы жасалма ги­потеза (А. Гумбольдттун Болор схемасы) м-н ал­маштыруу аракети да оң натыйжа берген эмес.