ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОПТИМИЗМ– философия, социология, футурология илимдериндеги агым; илим м-н техника өнүккөн азыркы шартта адамзат туш болгон глобалдуу проблемаларды илимий-техникалык прогресстин жардамы м-н чечип, карама-каршы экологиялык кырдаалдан чыгууга болот деп үмүттөнүү. Илимий-техникалык оптимизм 20-кылымдын 2-жарымында түптөлүп, «экологиялык пессимизмге» карама-каршы турган модерндешкен технологиялык теория. Көрүнүктүү өкүлдөрү – Д. Белл, Г. Кан, А. Тофлер (АКШ), Б. де Жувенель, Ж. Фурастье (Франция), О. Флехтхейм (Германия), К. Фримен, Д. Габор (Англия), И. Кайя (Япония) ж. б. Илимий-техникалык оптимизм адамзаттын тарыхый тагдырын аныктоодо, коомдун өнүгүшүндөгү социалдык-экономикалык факторлорду эмес, илимий-техникалык прогресстин маанисин баалайт.