ИЙРИЛИК ТЕГЕРЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИЛИК ТЕГЕРЕГИ , и й р и л и к а й л а ­н а с ы – берилген чекитте 2-даражадан кем эмес тартиптеги ийри сызык м-н жанып өтүүчү айлана. Ийрилик тегерегинин борбору жанып өтүүчү чекитте ийри сызыктын ийрилик борбору, ал эми ийрилик тегерегинин радиусу ийрилик радиусу деп аталат. Ийрилик тегереги ийри сызыктын жанышуучу тегиздигинде жай­гашат.