ИЙРИ-СУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЙРИ-СУУ – Нарын районундагы кыштак. Чет-Нура айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 215 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 969 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Мончо, ФАП иштейт.