ИЗОТОПТОР
ИЗОТОПТОР (изо... ж-а гр. tjpos – орун) – элементтердин мезгилдик системасында бир орунда жайгашкан бир эле химиялык элементтин атом
массасы м-н айырмаланган түрлөрү. Изотоптордун атом ядросу бири биринен нейтрон саны м-н айырмаланат, ал эми протондорунун саны бирдей. Нейтрон бейтарап бөлүкчө, ал ядронун зарядын өзгөртпөйт. Берилген элементтин изотопторунун химиялык касиеттери негизинен окшош, атом массалык санына жараша алардын ядро-физикалык касиеттери (ядронун туруктуулугу же туруксуздугу, жарым ажыроо мезгили ж. б.) түрдүүчө. Изотоптор т у р у к т у у ж-а р а д и о а к т и в д ү ү болуп айырмаланат. «Изотоптор» терминин 1910-жылы англиялык окумуштуу Ф. Содди киргизген. Изотопторду кыскача белгилөө үчүн химиялык элементтин символунун сол жак даражасына изотоптордун массалык саны көрсөтүлөт, мис.,16О, 17О, 18О – кычкылтек изотоптору.