ИЗОСЫЗЫКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЗОСЫЗЫКТАР (изо... ж-а сызык) – географиялык картада, вертикалдык кесилиште же графикте кандайдыр бир бирдей маанидеги чоңдуктарды (мисалы, температура, басым ж. б.) туташтыруучу сызык. Айрым мезгилдеги же бир учурдагы үзгүлтүксүз кубулуштарга мүнөздөмө берет (мисалы, изобаттар, изобара). Табигый ж-а социалдык экономикалык кубулуштарды картага түшүрүү, ошондой эле алардын сандык мүнөздөмөлөрүн алууда ж-а өз ара корреляциялык байланышын анализдөөдө пайдаланылат.