ИЗОМЕРИЯ
ИЗОМЕРИ́Я (изо... ж-а гр. mtros – бөлүк, үлүш) – заттардын курамы ж-а молекулалык массасы бирдей болуп, түзүлүшү же атомдорунун мейкиндикте жайгашуусу ж-а ага байланыштуу физикалык-химиялык касиеттеринин ар башка болуу кубулушу. 1823-жылы немис химиги Ю. Либих ачып, «изомерия» терминин 1830-жылы Й. Берцелиус сунуш кылган. 19-кылымдын 60-жылдарында А. М. Бутлеров химиялык түзүлүш теориясында изомерия кубулушун толук түшүндүргөн. Ал структуралык ж-а мейкиндиктик болуп бөлүнөт. С т р у к т у р а л ы к изомерияга бутандын (С4Н10) эки: n-бутан СН3–СН2–СН2–СН3 ж-а изобутан СН –СН–СН ; пентандын (С Н ) үч 3 3 ⏐ СН3 5 12 изомери: n-пентан СН3–СН2– СН2 – СН2– СН3, изопентан СН3 – СН – СН2 – СН3 ж-а неопентан ⏐ СН3 СН3 ⏐ СН3 – С – СН3 мисал болот. Көмүртектин чынжырындагы функциялык топтордун ж-а көп байланыштын жайгашышына жараша да изомер пайда болот, мисалы, пропанол-1 СН3 – СН2– –СН2ОН ж-а пропанол-тен-1 СН2– СН– СН2–СН3 ж-а бутен-2 СН3– СН–
– СН–СН3 ж. б. М е й к и н д и к изомериясы оптикалык ж-а геометриялык (цис-, транс-) болуп бөлүнөт. О пт и к а л ы к изомерия молекулада асимметриялуу көмүртек атому бар органикалык заттарда кездешет. Мындай молекулалар полярланган жарыктын тегиздигин буруу касиетине ээ. Көмүртектин асимметриялуу бир атому бар молекула мейкиндикте 2 изомерди (L-форма ж-а D-форма) пайда кылат. Буга сүт кислотасы СН *СН(ОН) СООН м-н белгиленген). Мында изомерлердин физикалык ж-а химиялык касиеттери окшош болуп, полярланган жарыктын тегиздигин солго ж-а оңго буруп, бири бирине күзгүдөн чагылгандай кристаллданат. Г е о м е т р и я л ы к изомерия кош байланыштуу циклдүү бирикмелерде кездешет. Алардын молекулаларындагы функциялык топтор мейкиндикте ар түрдүү багытта жайгашат. Мисалы, 2 негиздүү кислотанын НООС– СН = СН–СООН эки геометриялык изомери (цис-, трансформалары) бар: малеин кислотасы фумар кислотасы: Н С – СООН НООС – С – Н
С – СООН Н – С – СООН Н цисформасы, трансформасы.
Геометриялык изомерлердин физикалык ж-а химиялык касиеттеринде чоң айырма бар, мисалы, малеин кислотасы суунун молекуласын бөлүп чыгарып, ангидрид пайда кылса, фумар кислотасы ангидрид бербейт.
Ад.: Потапов В. М. Стереохимия. М., 1988; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.