ИЗМИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗМИ́Р (Izmir, байыркы гр. – Смирна) – Түр­киядагы шаар ж-а ири порт. Эгей деңизиндеги Измир булуңунун жээгинде жайгашкан. Измир илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 2,9 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Тамак­ аш – татымал, текстиль, машина куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта негизделген. Б. з. ч. 7-кылымдагы ибадаткананын калдыктары, Тантал күмбөзү (б. з. ч. 6-кылым) чептин (эллинизм мезгили) дуба­лы ж-а дарбазасы, агора мечити (2-кылым) сак­талган.