ИЗДӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЗДӨӨ СИСТЕМАЛАРЫ к о м п ь ю т е р д е – колдонуучунун талабына ылайык интернет сайттарына шилтеме сунуш кылуучу система. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) издөөчү машина (Spider, Crawler, Robot) – Web-сайттарга кирип, ал камтыган маалыматтарды окуган ж-а индекстеген, ошондой эле шилтеме боюнча жылган программа; 2) издөө системаларынын индекстерин издөөчү машина индекстеген барактардын тексттик көчүрмөлөрү сакталган маалымат сактагычы; 3) колдонуучунун талабына ылайык маалымат издеген ж-а табылган документти ага берген издөө системаларынын индекстерин которуштурган программа.