ИЗБАСКЕН НЕФТЬ ЖАНА ГАЗ КЕНИ
ИЗБАСКЕН НЕФТЬ ЖАНА ГАЗ КЕНИ– Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Жалал-Абад шаарынан 55 км түндүк-батышта, Таш-Көмүр шаарынан 45 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Нефтинин табигый түрдө агып чыгышы жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1946-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, 1950-жылы нефть, 1957-жылы күйүүчү газ алына баштаган. Кен аймагында неоген мезгилинде пайда болгон конгломерат, кумдук, чопо, палеогендик акиташ теги, чопо катмарлары бар. Нефть палеоген тоо тектериндеги кумдуктун арасында 4 горизонт түзүп жатат. Кен аянты 1,0Ч0,5–7,0Ч1,0 км. Нефть 2400 мге чейинки тереңдикте кезигет. Тыгыздыгы 0,860–0,867 г/см3, парафиндүүлүгү 7,5–9,5%, күкүрттүүлүгү 0,17– 0,19%, температурасы 78–84°С. Курамындагы асфальтен 0,145–0,45%, кокс 3,03–5,55%, акциз чайыры 16–50%. Газ бор мезгилинин аягында пайда болгон тоо тек катмарында топтолгон. Мында газдын өнөр жайлык маанидеги бир горизонту (VIII) бар. Аянты 2,0Ч0,5 км, калыңдыгы 30 м. 1996-жылы кенден 3 миң т нефть ж-а 2 млн м3 газ алынган. 1997-жылга карата нефтинин запасы В+С1 категориясы боюнча – 187 миң т , С2 – 96 миң т , эркин газдын запасы С1 категориясы боюнча – 425 м3.