ИЖАРА АЛУУЧУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЖАРА АЛУУЧУ – жеке ж-а юридикалык жактар м-н ижара келишимин түзүү аркылуу мамлекеттик же менчик мүлктү убактылуу ээлик кылууга ж-а пайдаланууга алуучу жак. Мамлекеттик менчик уку­гундагы мүлк конкурс, жеке менчик укугунда­гы мүлк эки тараптуу келишим түзүү аркылуу жеке ж-а юридикалык жактарга берилет. Ижара ке­лишиминин шарттарын тараптар өздөрү анык­ташат. Ижара алуучу убактылуу пайдаланууга берилген буюмду тескөөгө укугу жок. Ижара алуучу ижара акы­сын убагында төлөп турууга, мүлктү келишим­ге ылайык пайдаланууга, бузбай урунууга, өз эсебинен оңдоп-түзөөгө (эгерде мыйзамда же ке­лишимде башкача шарт каралбаса), келишим­дин мөөнөтү бүткөндө нормадагы эскиришин эске алуу м-н тиешелүү абалда өткөрүп берүүгө мил­деттүү. Мамлекеттик, кооперациялык ж-а бөлөк коом­дук ишканалар (уюмдар), алардын бөлүмдөрүнүн коллективдери, жарандар ж-а жарандардын топтору ижара алуучу боло алат.