ИЖАРА
ИЖАРА (полякча arenda) – мүлктү белгилүү акы алуу м-н башка бирөөгө пайдаланууга берүү. Ижара келишиминин негизинде ижара берүүчү мүлктү ижара алуучуга убактылуу ээлик кылууга ж-а пайдаланууга бере алат. Мүлк пайдаланууга мөөнөтсүз же мөөнөттүү берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жактарга, жарандарга ж-а жарандыгы жокторго мүлк мөөнөттүү пайдаланууга берилет. Мамлекеттин менчигиндеги жер участкалары мамлекеттик ж-а коммуналдык пайдалануучуларга гана мөөнөтсүз берилет. Мыйзам мүлктүн үчүнчү адамга ижара берүүчүнүн макулдугу м-н гана берилишине жол коёт. Мүлктү ижарага берүү жарандык мыйзамдын негиздери, ар кандай мүлктү убактылуу пайдаланууга алуу эрежелери м-н жөнгө салынат. Ижара техникалык каражаттарды же башка мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга муктаж ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын нормалдуу иштешин камсыз кылат, элдин турмуш-тиричилик ж. б. керектөөлөрүн канааттандырууга шарт түзөт. Кыргызстанда ижара эл чарбасынын бардык тармактарында, ошондой эле менчиктин бардык түрлөрүндө колдонулат.