ИЕРАРХИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРА́РХИЯ (гр. hierjs – ыйык, arche – бий­лик) – 1) бүтүндүн бөлүктөрүнүн же элементте­ринин жогортон төмөн карай удаалаштык тар­типте жайгашуусу; 2) социалдык иерархия – коомдун, бюрократиянын социалдык структурасы; 3) кыз­маттык иерархия – кызматтык наамдардын, чиндер­дин баш ийүү тартиби боюнча төмөндөн жогору карай ырааттуу жайгашуусу; 4) чиркөө иерархиясы – православие, католик чиркөөлөрүнүн дин кыз­маткерлерине баш ийүүсү м-н мүнөздөлгөн уюм­дашуу принциби; ишкананын ичинде чарбалык ишмердикти уюштуруу. Чарбалык бүтүмдү ат­карууну фирманын ички башкаруу бөлүмү ишке ашыргандыктан‚ анын натыйжасында башка­руунун рыноктук түрү алмашылган учурда орун алат. Ошентип‚ экономикалык координациядагы рынок­тук ж-а иерархиялык мамилелер бардык эле экономикалык сис­темада бирин-бири толуктап турат‚ айырмасы – чарбалык ишмердиктеги макулдашуунун бирин­де рыноктук‚ экинчисинде иерархиялык ыкма үстөмдүк кылат.