ИДЕОГРАФИЯЛЫК ЖАЗУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕОГРАФИЯЛЫК ЖАЗУУ (гр. idta – түшүнүк ж-а ...графия) – шарттуу белгилер м-н тилдик катнаштын фонетикалык (айтылышын), грамматикалык түзү­лүшүн бербестен, анын маанисин гана билдир­ген жазуу. Идеографиялык жазууда шарттуу белгилер (иероглиф­тер) өзүнчө ж-а айкалышкан түрдө берилет


(к. таблица). Идеографиялык жазуу мурунку (пиктографиялык) жазууларды тартипке, тактыкка келтирүү за­рылдыгынан келип чыккан. Кийин идеографиялык жазуунун ордуна фонографиялык жазуу пайда болгон.