ИВАШКЕВИЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИВАШКЕ́ВИЧ Тимофей Фёдорович [1908, азыркы Украина, Черкассы облусу, Катерпольск району, Пальчик айылы – 1977, Чүй облусу, Калинин (азыркы Жайыл) району] – колхоз өндүрүшүнүн ишмери. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–45) катышуучусу.

1947–1963-жылдарда Калинин (азыркы Жайыл) районундагы Калинин атындагы колхоздун башкармасы. Ал жетектеген колхоз райондо алдыңкы чар-
балардын бирине айланып, 323 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 499,5 цден түшүм жыйнап алган. 1963–67-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.