ИБН РУШД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН РУШД , И б н Р о ш д А б у - л ь- В а л и д М у х а м м е д и б н А х м е д, А в е р о э с (1126, Кордова – 1198, Марокко, Марракеш) – орто кылымдагы араб философу ж-а дарыгери, чы­гыш аристотелизминин өкүлү. Андалусия м-н Ма­роккодо жашап, сот, эмир сарайында дарыгер болуп иштеген. 7 китептен турган медициналык энцик­лопедиянын автору. «Төгүндөөнү төгүндөө» аттуу трактатында Газали ж. б. теологдордун фи­лософияга асылууларын четке каккан. Ибн Рушддун динди экиге («рационалдуу» ж-а элестүү-алле­гориялык) бөлүүсү, кийинчирээк кош акыйкат теориясынын булактарынын бирин түзгөн. Ал жандын (рух) түбөлүктүүлүгүн (эч өлбөстүгүн) танган. Анын рационалисттик идеялары орто кы­лымда европа (аверроизм) философиясына зор таасир тийгизген.

Чыг.: Опровержение Опровержения. К.; СПб., 1999.