ИБН АЛ-ФАКИХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН АЛ-ФАКИ́Х Абу Бекр Ахмед ибн Мухам­мед ибн Исхак ал-Хамадани – болжол менен 9-кылымдын аягы – 10-кылымдын баш ченинде жашаган араб тарыхчысы, 902–03-жылдарда жазылган 5 томдук «Ки­таб ахбар ал-Булдан» («Чет өлкөлөр жөнүндө китеп») аттуу географиялык эмгектин автору. Хама­дан шаарында туулган. Ибн ал-Факихтин чыгармасын­да Иран, Орто Азия жана түрктөргө караштуу жер­лердин, шаарлардын аны менен кошо ислам өлкөлөрүнүн саясий түзүлүшү, элдеринин кесип­чилиги ж. б. жөнүндө маалыматтар бар. Анда азыр­кы Кыргызстанга караштуу жерлер да камтылып, калк жашаган кыштак-шаарлардын тизмеси менен алардын аралыгы кошо берилген. Түрк уруу­ларынын аталышы менен бирге эле кыргыздар жана алар жашаган жерде жыттуу мускус көп жолугары да эскерилет. 1885-жылы нидерланд чыгыш таануучусу М. де Гуе (1836–1909) ал эмгектин кыскача үзүндүсүн басып чыгарган.


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957.

Т. Жуманалиев.