ЗОЩЕНКО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗО́ЩЕНКО Михаил Михайлович [28.7(9.8).1894, Санкт-Петербург – 22.7.1958, Ленинград] – орус жазуучусу, сатирик. Чыгармачылыгы 1922-жылдан башталган. Анын биринчи китеби – «Мырза Синебрюхов Назар Ильичтин аңгемелери». Зощенко өзгөчө баяндоо формасындагы сатиралык аңгемелеринде («Көгүш китеп», 1935) тайкылыктын бетин ачкан. «Мишель Синягин» (1930), «Кайтарылган жаштык» (1933), «Керенский» (1937), «Тарас Шевченко» (1939) ж. б. повесттери ж-а «Таар сумка» (1939) сатиралык пьесасы, ошондой эле «Күн чыгар алдында» (1-бөлүк, 1943; 2-бөлүк «Акыл жөнүндө повесть» деген ат м-н 1972-жылы жарыяланган) аттуу эссе-повести бар. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Чыг.: Собр соч. М., 2002–2006. (Т. 1–4).