ЗОР ПЛАНЕТАЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗОР ПЛАНЕТАЛАР (gigant planets) – Күн системасындагы радиусу Жер радиусунан чоң планеталар. Тыгыздыгы Жер тыгыздыгынан төмөн, өз огунун айланасында тез айланат. Зор планеталар Күндөн өтө алыс болгондуктан, температурасы өтө төмөн. Негизинен атмосфералык молекулалык суутектен турат. Алар тыгыздыгы аз ж-а суутек өтө көп болушу м-н башка планеталардан айырмаланат. Алардын тыгыздыгы 700–1700 кг/м3 чегинде. Зор планеталарга – Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун кирет. Алардын радиусу Жер радиусуна салыштырмалуу 11,18; 9,42; 3,84 ж-а 3,93кө, ал эми массасы Жер массасына салыштырмалуу 317,8; 95,1; 14,5 ж-а 17,2ге барабар.