ЗИГОМИЦЕТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИГОМИЦЕТТЕР (Zygomycetes) – козу карын­дар классы. Көп ядролуу, клеткасыз мицелийи жакшы өөрчүгөн. Айрымдарынын таллому жакшы өөрчүгөн көп ядролуу мицелийден ту­рат. Клетка кабыгын хитин ж-а хитозан түзөт. Жыныстык көбөйүү кыймылсыз споралар ар­кылуу ишке ашат. Алардын жыныс процесси – зигоспораны пайда кылуучу зигогамия (аты ошондон). Жыныссыз көбөйүү органы морфологиялык жактан ар түрдүү (систематикалык белгиси). Кыймылсыз споралар спорангийде (эндоген­дик) жайгашат, кээде спора экзогендик – кони­дияларда өөрчүйт. Зигомицеттердин 4 катарга кирген 500дөн ашык түрү кеңири таралган. Сапрофиттер, ошондой эле мителери да бар. Кээ бир түрү микробиологиялык ж-а тамак-аш өнөр жайында, зыяндуу курт-кумурскаларга каршы күрөшүүдө пайдаланылат.