ЗЕЛАНДИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЕЛА́НДИЯ , Ш е л л а н н (герман тилдеринде See – «деңиз», Land – аймак, өлкө, тарап) – Балтика деңизиндеги эң ири арал. Даниянын аймагында. Аянты 7 миң км2ден ашык. Рельефи дөбө-мореналуу түздүк (бийиктиги 126 мге чейин); көлү көп. Бук ж-а эмен токою өсөт. Аймагынын көбү айдоо (тоют чөп, буудай, кант кызылча, картөшкө өстүрүлөт); сүт багытындагы уй чарбасы бар. Зеландиянын чыгыш жээгинде ж-а ага жакын жаткан Амагер аралында Даниянын борбору – Копенгаген ш. жайгашкан.