ЗАРЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРЯ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыш­так. Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу. Ра­йондун борбору Сокулук кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 33 км. Деңиз деңгээлинен 590 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1935-жылы негизделген. Калкы 793 (2022); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, китеп­кана бар.