ЗАРЬЯН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАРЬЯ́Н Наири [чын аты-жөнү – Айастан Егиазарьян; 31. 12. 1900 (13. 1. 1901), Түркия, Ван вилайети, Хараконис кыштагы – 12. 7. 1969, Ереван] – армян жазуучусу. 1915-жылы Арменияга келген. 1927-жылы Ереван университетин бүткөн. «Рушан аскасы» поэмасы (1930),«Ацаван» романы (1937– 47), «Асыл Ара» тарыхый трагедиясы (1946), «Петрос мырза жана анын министрлери» романы (1958), эпос мотивинде жазылган «Давид Сасунский» поэмасы (1968) бар. 1950-жылдардагы «Майрамдык маанайдагы ойлор», «Назым Хикметке» ж. б. чыгармаларында тынчтык темасына кайрылган. Ленин, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.