ЗАРДОБУКА СЫМАП КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРДОБУКА СЫМАП КЕНИ Ош облусунун Кара- Кулжа районунда, Чыгыш Алайдын Тоголок-Таш тоосунун кырында, Көк-Суунун баш жагын­да, деңиз деңгээлинен 3850–4070 м бийиктикте жайгашкан. 1970–72-жылдарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы меридиан багытындагы тик жарака менен үзүлүп, төмөнкү-ортоңку девондогу жанартоо-терриген тектери менен жабылган антиклиналдык бүктө­лүүгө дуушар болгон силур менен төмөнкү девон­дун акиташ тектери түзөт. Кенташ эффузия жана акиташ тектеринин кошулган жериндеги жаракалуу зона менен туташ жаткан акиташ те­гинин оң тилкесине (туурасы 50–200 м) топтол­гон. Штокверк, жарака жана уя сымал кенташ тулкуларынын калыңдыгы 5–25 м, узундугу 100 мге чейин. Кенташ жалаң киновардан жана нукура сымаптан турат. Сымаптын өлчөмү бардык жер­де бирдей эмес, орточосу – 0,58%. Кендин 20 м тереңдикке чейинки эсептелген запасы 1213 т.