ЗАКАРПАТЬЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАКАРПА́ТЬЕ – 1) Украинанын батышындагы табигый аймак. Тиса дарыясынын алабында. Закарпатье ойдуңу (бийиктиги 120 мге чейин) м-н Украина Карпат тоолорунун этегин (бийиктиги 400 мге чейин) камтыйт. Көп жери айдалып, дан ж-а техникалык өсүмдүктөр, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Айрым жерин эмен-граб токою ээлейт. Закарпатьеде Ужгород, Хуст, Мукачево шаарлары жайгашкан. 2) Украинадагы Закарпатье облусунун расмий эмес аталышы.