ЗАВОД-АВТОМАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАВО́Д-АВТОМА́Т – борбордук компьютер м-н башкарылуучу ийкемдүү автоматтык жогорку өндүрүш ишканасы. Завод-автоматтын башкаруу системасынын курамына сом темирлерди иштетүүчү, жыюучу ж-а ташуучу, жабдууларды диагноздоочу, өндүрүштү башкаруучу, калдыктарды кайра иштетүүчү системалар кирет. Завод-автомат негизинен машина түйүндөрүн, тетиктерин ж-а жабдууларды адамдын катышуусуз даярдоого арналган. Завод-автоматта колдонулган техникалык жабдуулар ж-а каражаттар, ташуучу ж-а өнөр жай роботтору бардык ишке өтө маш.