ЖҮЗ ААРЧЫ

ЖҮЗ ААРЧЫ – тазалык максатында пайдаланылуучу кол жоолук. Жүз аарчылардын бети саймаланып, жээктери кооздолуп жасалган. Кыз-келиндердин саймачылыгы жана уздугу жүз аарчы жасоодон башталган. Жүз аарчы 30–40 см өлчөмүндөгү ак же түстүү жука кездемеден, жибектен жасалган. Анын кырка четтери, бурчтары ар кыл сайма менен көркөмдөлүп, жээктери тордолуп, чачыланып, кээде майда шуру, бермет бастырылып кооздолгон. Кыргыз кыз-келиндери өз урматын, сыйын, ал тургай сырдаштык сезимдерин билдирген белек буюм катары жигиттерге тартуулаган. Жүз аарчы кээде дасторомол, кол жоолук, бет аарчы деп да аталат. Жазуу түрүндө алгач М. Кашгаринин сөздүгүндө (XI к.) «улату» түрүндө кезигет. Бул сөздүн анча өзгөрүлбөгөн түрүн («лата», «латта» – кездеменин кесиндиси, чүпүрөк, жамаачы) В. Радлов XIX к. таранчы (Иле уйгурлары) жана чагатай диалектилеринен жолуктурган. В. В. Бартольд байыркы доордон орто кылымдарга чейин антикалык Греция жана мусулман дүйнөсүндө жүз аарчы колдонулбай; европалыктар аны XV к. Кытай, ошондой эле Япония менен байланыш түзгөндөн кийин гана колдоно баштаганын эскерткен.
Ад.: Турганбаев Э. Өзгөрүлүп – өзгөрүлбөгөн байыркы кыргыз тили. //«Терминология», «ономастика» – коом жана мезгил: илимий баяндамалар жыйнагы. Б., 2024.