ЖУМАГУЛОВ Алымкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Алымкул [1893, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Талкан болуштугу (азыркы Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы) – 1937, ?)] – партиялык жана мамлекеттик ишмер. Чалдыбар орус­-тузем мектебин, Олуя-Ата шаарындагы жогорку ­башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–1917-жылдарда Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч жана катчы болуп иштеген. 1917-жылы Олуя-Ата уезд­дик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-жылы больше­виктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыску­лов, Б. Кашкынбаев ж. б. менен бирге Советтер­дин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–1924-жылдарда Олуя-Ата, Пиш­пек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер ре­формасы боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-жылы Кокон шаарындагы Түркстан КП Фергана облустук комитетинин чарба бөлүмүндө, Таш­кенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахма­нов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор менен бирге­лешип, Кыргызстандагы алгачкы айыл чарба кооператив­дерин уюштурган. 1924–26-жылдарда Кыргыз автоно­миялуу облусунун дыйканчылык башкармалы­гынын начальниги, начальниктин жардамчы­сы, 1927–37-жылдарда Жалал-Абад кантондук, Ош ок­ругдук, Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперати­винин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрага­сынын орун басары, Мирзоян райондук аткому­нун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү де­ген жалаа менен камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе облустук соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине жана бир көчөгө ыйгарылган.

С. Тоялиев.