ЖОН (Базар-Коргон районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОН – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун­дагы кыштак. Акман айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 785 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1917-жылы негизделген. Калкы 2291 (2025); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар.