ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ НАРЫН ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоо­до. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз жана Нарын райондорунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытта 130 км узундукка созу­лат, туурасы 20 км. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Ала-Тоо, чыгышынан Ак-Шый­рак кырка тоосу, түштүгүнөн жана түштүк-чыгы­шынан Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыр-Ко­рум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600–3600 м. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000–1300 м көтөрүңкү. Батыш жагы анча ке­нен эмес, бара-бара кууштап, Кашка-Суу жана Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта

Чоң Нарын капчыгайына өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 кмге чейин же­тет. Чыгышын Кыргоо жана Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары Тарагай өрөөнүнө жана Кара-Сай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Ара-Бел – Кум-Төр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш жана ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Ча­кыр-Корум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү тоо каптал­дары майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн та­манына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча би­йик эмес кырлар, дөбөлөр менен алмашат. Өрөөн­дүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен жана неогендин кум-шагылдарынан турат. Каптал беттери тө­мөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит жана башка интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Кли­маты кескин континенттик, январдын орточо температурасы –19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан­-чачыны 300 мм. Өрөөндө альп шалбаасы, шал­баалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр менен алмашат. Тоо кырларына нивалдык-гля­циалдык ландшафт мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Кара-Сай жана башка кыштоолор бар. Барс­коон – Ак-Шыйрак автомобиль жолу өтөт.

Ад.: Чупахин В. М. Физическая география Тянь- Шаня. А.-А., 1964; Бассейн реки Нарын. Ф., 1970; Койчиев М. Кыргызстандын жаратылышы жөнүндөгү очерктер. Ф., 1975.