ЖИКИЛДЕР
ЖИКИЛДЕР, чигилдер – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борбордук Теңир-Тоо менен Жети-Сууну жердеп, Караханиддер мамлекетинде өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларында Жикилдер менен чиктер бир эл экени, алар байыркы теле (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, орто кылымдын башында азыркы Тыванын батышында туруп, Саян-Алтай элдери менен бирге Борбордук Азиядагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасында чиктердин негизги тобу түштүк-батышты көздөй жылып, Жети-Суу жана Теңир-Тоого келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Магрибдин» (кара: «Худуд ал-алам») аталбаган авторунун жазганы боюнча жикилдер көп сандуу болуп, түштүк жана чыгышынан карлуктар, батышында тухсилер, түндүк жагынан кыргыздар менен чектешкен. Ал эмгектин автору ал жерде Ысык-Көл жайгашканын белгилейт.
Ад.: Бартольд В. В. Извлечение из сочинения Гардизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.