ЖЕҢИШ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖЕҢИШ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ , Ч ы ч к а н – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл аймагына караштуу. Чычкан суусунун жана Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1647 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагы­нан 24 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол беке­тинен 161 км. Калкы 3393 (2025); негизинен мал менен алектенип, токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Намазбеков туулган.