ЖЕТИГЕН (уруу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИГЕНкыргыздардын сол канат тобунун (кара: Куу уул) курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык ула­мыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмеси­не сырттан келип кирген кирме уруу катары түшүн­дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары менен башка эл­ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары­нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш­кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чакыр/чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси­не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар­га таянып, Жетиген уруусу менен чекир саяктардын ба­йыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер­дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон­дун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дер­биш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын бирин­чи жарымында канатташ кушчу уруусу менен жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр­кы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө­нүнүн жогорку аймагын (Талас району) жана ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө­мүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый жана дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са­рыбагыш, солто урууларынын ичинде болуп, Нарын облусу­нун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат.

Ад.: Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.

Р. Жолдошов.