ЖЕТИ-СУУ АЛА-ТООСУ
ЖЕТИ-СУУ АЛА-ТООСУ, Жуңгар Ала -Тоосу (XIX кылымдын экинчи жарымындагы айрым орус маалыматтарында Кичи Ала-Тоо түрүндө кезигет) – Орто Азиядагы тоо тармагы. Ала-Көл менен Иле дарыяларынын аралыгында. Негизинен Казакстандын түштүк-чыгышында, бир аз бөлүгү Кытайда. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай 450 кмге созулат. Бири-бирине жарыш жаткан бир нече кырка тоодон (Кара-Тоо, Баскан-Тоо, Токсонбай, Бээжин-Тоо ж. б.) турат. Эң бийик жери 4464 м (Беш-Баскан чокусу). Геоструктурасы герцин бүктөмүндө пайда болгон. Рельефи негизинен кайнозойдо калыптанып, кырка тоолор менен тоо аралык ойдуңдар айкалышып жатат. Жапыз, орто бийик калдык тоо массивдери басымдуулук кылып, баскычтуу рельефти пайда кылат. Негизинен сланец, акиташ теги, кумдук (түндүгү), жанар тоо тектеринен (түштүгү) жана кристаллдуу тектерден (борбордук бөлүгү) турат. Полиметалл кени (Текели); минералдуу ысык булактары (Капал-Арасан ж. б.) бар. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1120 км2; ирилери түндүк капталдарында. Анын төмөнкү бөлүгүнө жарым чөл жана талаа, 1200 м бийиктиктен жогору (түндүк капталында) шалбаалуу токой, 2600 мден жогору субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү.
Ад.: Серебрянников А. Г. Туркестанский край. Сборник материалов для истории его завоевания. 1851 и 1852 гг. Таш., 1915.