ЖЕТИ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУКазакстандын түштүк-чыгыш бөлүгү, түндүгүнөн Балкаш көлү, түндүк-чыгышынан Са­сык-Көл жана Ала-Көл, түштүк-чыгышынан Кичи Ала-Тоо (б. а. Жуң­гар Ала-Тоосу), түштүгүнөн Түндүк Теңир-Тоо менен чектешкен тарыхый-географиялык аймак. Жазма тарыхый маалыматтар жана илимий изилдөөлөр боюнча Жети-Суунун этимологиясы аталышы жети өзөнгө байланышкан. Ай­рым илимпоздор Лепси, Баскан, Саркан, Ак- Суу (Аксу), Бөйөн, Кара-Тал (Каратал) жана Кел-Суу сууларын; экинчилери Иле, Каратал, Бөйөн, Ак-Су, Лепси, Баскан, Саркан; үчүнчүлөрү Иле, Чүй, Каратал, Тентек, Ак-Суу, Лепси, Көк-Сууну; башка бир маалыматтарда булардын бирине Аягөз (Аягуз) өзөнүн кошушат. Ал эми этнограф И. Завалишиндин (1808–1883) өзүнүн «Батыш Сибирдин сүрөттөлүшү» («Описание Западной Сибири») деген эмгегинде (1862–1865) Балкаш көлүнө алты өзөн куйгандыктан «Жети-Суу» деген аталыш туура эмес экени белгиленет. В. В. Бартольд Иле дарыясынын түндүк-чыгышындагы Көк-Суу, Кара-Тал, Кызыл- Агач, Бөйөн, Ак-Суу, Баскан, Лепси сууларын эсептесе, А. К. Гейнс Кызыл-Агачтын ордуна Саркан суусун киргизген. 1867-жылы Түркстан ге­нерал-губернаторлугунун алдында Жети-Суу (Се­миречье) облусу түзүлүп, ага Ысык-Көл (кийин Ка­ракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери ка­рап, чек арасы Кургаты (Курагаты, Карагаты) жана Чүй суусунун оң жак жээги менен өткөндүктөн, бул облуска кир­ген аймактар жалпысынан Жети-Суу деген түшүнүк алган. Улуу Жибек жолунда жайгашкандык­тан, байыртадан өнүккөн маданиятка ээ болуп, Жети-Сууда б. з. ч. 7–4-кылымдарда сак урууларына (кытай­ча сэ) караган тайпалар жашап келишкен. Б. з. ч. 2-кылымда аларды юечжилер сүрүп чыгып, Кушан державасын түзүшкөн. Б. з. ч. 1-кылымдан б. з. 4-к­ылымынын башына чейин усундар; 4–6-кылымдарда жу­жаңдар мекендешкен. 6-кылымда Түрк кагандыгы (581-жылы Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыктары болуп бөлүнгөн) жана 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгынын, 766-жылы карлуктардын Суйабды басып алышы менен алардын ээлигинде калат (кара: Карлук кагандыгы). 9–10-кылымдарда жикил­дер жана кыргыздар (хырхыс) Жети-Сууда жаша­ганы перс тилиндеги эмгектерде эскерилген (к. «Худуд-ал-алам»). 10–11-кылымдарда Караханиддер мам­лекетинин курамына кирип, 1129–30-жылдарда кидан­дар (кара: Кара кытайлар) каратып алган. 1218-жылы Жети-Сууну Чыңгыз­хан басып алып, көп өтпөй Чагатай улусунун, 14-кылымда Хайду негиздеген мамлекеттин, 15-кылымда Моголстандын курамына кирген. Султан Са­йид (1514–1533) жана Абд ар-Рашид (1533–1565) хан­дардын тушунда кыргыздар менен казактар бир­гелешип моголдорду Жети-Суудан сүрүп чыгышкан. 16-кылымдын 60–70-жылдарында анын толук эмес бөлүгү жаңы түптөлүп жаткан Казак хандыгы­нын курамына кирген. 17-кылымдын аягы – 18-к­ылымдын 50-жылдарына чейин Жуңгар хандыгынын (1635–1758) кол алдында калган. Жуңгар хан­дыгы талкалангандан кийин Олуя-Атадан Илеге чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келген (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши). 19-кылымдын башында Иленин оң жээгине чейинки аймак Кокон хандыгынын ээлигине өтүп, чеп­терди курдурткан. 1860-жылдардагы Узун-Агач согушунда кокондуктардын жеңилиши менен Жети-Суу акырындап Россия мамлекетинин коло­ниясына айланган. 1924–1925-жылдарда Орто Азиядагы советтик республикаларда жүргүзүлгөн улуттук-мамлекеттик чек ара­ларды бөлүштүрүүдөн кийин Жети-Суу Кыргызстан менен Казакстандын курамында калган.
Ад: Завалишин И. И. Описание Западной Сибири: [в 3 томах] /соч. Ипполита Завалишина. М., 1862-1867; Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963; Румянцев П. П. Уезды Джетысу. А., 2000; Мырза Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.

Э. Турганбаев.