ЖЕРДИН СУУ БАЛАНСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН СУУ БАЛАНСЫ – Жер шарында бел­гилүү бир убакта жааган жаан-чачын суусу менен жер бетинен жана Дүйнөлүк океандан бууланган суулардын ортосундагы айырма. Жердин суу балансы суу­нун Жерде айланышынын сандык көрсөткүчү болот. Океандардан жылына орто эсеп менен жаа­ган жаан-чачындын жана ага кошулган дарыя сууларынын өлчөмүндөй суу бууланат; кургак­тыктан болсо, жааган жаан-чачын суусунан да­рыя тармактарынын суусун алып таштагандай өлчөмдө суу бууланат. Жер шарындагы көп жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү 1020 мм, Дүйнөлүк океандагы буулануу 880 мм, кургак­тыктагы буулануу 140 мм. Жердин суу балансынын эсеп­төөлөрү гидрологияда, метеорологияда суу ре­жимин изилдөөдө кеңири колдонулат.