ЖЕРДИН КАБЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕРДИН КАБЫГЫ, г е о г р а ф и я л ы к к а б ы к – Жердин бири-бирине өз ара таасир этип турган атмосферанын төмөнкү, литосферанын үстүнкү катмарларын, гидросфераны жана биосфераны камтыган кабыгы. Ага биосфера жана гидросфера бүт, литосферанын гипергенез облусу, атмосферанын стратопаузага чейинки катмары кирет. Калыңдыгы 40 кмге жетет. Географиялык кабыктын бирдиктүүлүгүнө кургактык, атмосфера, Дүйнөлүк океан жана организмдердин ортосундагы зат менен энергиянын үзгүлтүксүз алмашып турушу себепкер. Андагы табигый кубулуштар Күндүн жана Жердин ички энергиясына байланыштуу.