ЖЕЗКАЗГАН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕЗКАЗГАН КЕНИ – жез кенташынын КМШдагы ири кендеринин бири. Жезказган шаарынын жанында. Кен 18-кылымдын аягынан бери белгилүү. 1929-жылдан казылып алынат. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышын­да пайда болгон акиташ теги, мергель, кумдук, карбондун ортосу менен аягындагы жезказган геологиялык свитасы жана пермдин башталышындагы кум­дук, аргиллит, акиташ теги, мергель сыяктуу чөкмө тектер түзөт. Жезказган свитасы улам алмашып катмарланган боз жана кызыл түстүү кумдук менен алевролиттерден турат. Анда конгломераттар да кезигет. Кен жезказган свитасын­дагы антиклиналдык түзүлүштүн ийилген жер­лерине (боз түстүү тектерде) топтолгон. Мында кенташ кабаттары 600 м тереңдикке чейин кезигип, алардын жалпы саны 26, анын 19у өнөр жайлык мааниде. Тоо тек катмарлары кандай жатса, кенташ ошого жараша аларды кайта­лап, кабат түрүндө жайгашкан. Планда алар узатасынан созулуп, узундугу бир нече км, туурасы 0,5 мден 1–2 кмге чейин. Кенташ комплекстүү: негизгиси жез, коргошун менен цинк да чоң маа­ниге ээ. Кошумча түрдө күмүш менен рений жана аз өлчөмдө мышьяк, кадмий, висмут, кобальт, сымап, никель жана молибден бар. Жез кента­шы халькопирит, борнит жана халькозин мине­ралдарынан турат. Минералдары негизинен кум­дук менен конгломераттардын цементтеринде, кээ­де талаа шпаты жана кварцта майда бүртүкчө, ал эми тектоникалык зоналарда тарамча түрүндө. Жезказган кени сингенез (чөкмө) жолу менен пайда болгон жездүү кумдук жана сланецтердин кендерине кирет (В. М. Попов, Д. Г. Сапожников, Ү. А. Асана­лиев). Бирок анын эпигенез (гидротерм) жолу менен пайда болгондугун далилдеген окумуштуу­лар да бар (К. И. Сатпаев ж. б.).