ЖАҢЫ-ШААР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-ШААР – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Айры-Там айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 910 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 42 км түштүк-батыш тарапта. Наманган (Өзбекстан) темир жол бекетинен 52 км. Кыштак 1953-жылы негизделген. Калкы 1963 (2025); дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.